- اِذۡ اَنۡتُمۡ بِالۡعُدۡوَۃِ الدُّنۡیَا وَ ہُمۡ بِالۡعُدۡوَۃِ الۡقُصۡوٰی وَ الرَّکۡبُ اَسۡفَلَ مِنۡکُمۡ ؕ وَ لَوۡ تَوَاعَدۡتُّمۡ لَاخۡتَلَفۡتُمۡ فِی الۡمِیۡعٰدِ ۙ وَ لٰکِنۡ لِّیَقۡضِیَ اللّٰہُ اَمۡرًا کَانَ مَفۡعُوۡلًا ۬ۙ لِّیَہۡلِکَ مَنۡ ہَلَکَ عَنۡۢ بَیِّنَۃٍ وَّ یَحۡیٰی مَنۡ حَیَّ عَنۡۢ بَیِّنَۃٍ ؕ وَ اِنَّ اللّٰہَ لَسَمِیۡعٌ عَلِیۡمٌ ﴿ۙ۴۳﴾8 : 43 Силер (өрөөндүн) бул тарабында болгонуӊарды алар болсо, наркы тарабында болгонун жана кербен экөөӊөрдөн ылдыйыраак болгонун (эстегиле). Эгер силер (кандайдыр бир тайпа менен урушууга) өз ара бекем ант-убада кылганыӊарда дагы, аны(н убагын) аныктоодо талашып-тартышаар элеӊер. Бирок, Алла ишке ашырууга чечим кылган ишти жүзөгө ашыруу үчүн (Алла силерди топтоп койду). Ачык-айкын далил менен жок болмокчу киши жок болсун жана ачык-айкын далил менен тирүү калмакчы киши тирүү калсын үчүн дагы ушул белги-аят (көрсөтүлгөн). Албетте, Алла өтө угуучу (жана) дайыма билүүчү.