- وَ لَقَدۡ ذَرَاۡنَا لِجَہَنَّمَ کَثِیۡرًا مِّنَ الۡجِنِّ وَ الۡاِنۡسِ ۫ۖ لَہُمۡ قُلُوۡبٌ لَّا یَفۡقَہُوۡنَ بِہَا ۫ وَ لَہُمۡ اَعۡیُنٌ لَّا یُبۡصِرُوۡنَ بِہَا ۫ وَ لَہُمۡ اٰذَانٌ لَّا یَسۡمَعُوۡنَ بِہَا ؕ اُولٰٓئِکَ کَالۡاَنۡعَامِ بَلۡ ہُمۡ اَضَلُّ ؕ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡغٰفِلُوۡنَ ﴿۱۸۰﴾7 : 180 Албетте, Биз жиндер менен адамдардын арасынан көпчүлүгүн тозок үчүн жараттык! Алардын жүрөктөрү бар, бирок аны менен алар түшүнүшпөйт; алардын көздөрү (да) бар, бирок аны менен алар көрүшпөйт жана алардын кулактары (да) бар, бирок аны менен алар угушпайт. Алар кудум чарба айбандары сыяктуу. Жок, булар (андан дагы) көбүрөөк адашкандар. Мына ошолор кабарсыздар.