- وَ اخۡتَارَ مُوۡسٰی قَوۡمَہٗ سَبۡعِیۡنَ رَجُلًا لِّمِیۡقَاتِنَا ۚ فَلَمَّاۤ اَخَذَتۡہُمُ الرَّجۡفَۃُ قَالَ رَبِّ لَوۡ شِئۡتَ اَہۡلَکۡتَہُمۡ مِّنۡ قَبۡلُ وَ اِیَّایَ ؕ اَتُہۡلِکُنَا بِمَا فَعَلَ السُّفَہَآءُ مِنَّا ۚ اِنۡ ہِیَ اِلَّا فِتۡنَتُکَ ؕ تُضِلُّ بِہَا مَنۡ تَشَآءُ وَ تَہۡدِیۡ مَنۡ تَشَآءُ ؕ اَنۡتَ وَلِیُّنَا فَاغۡفِرۡ لَنَا وَ ارۡحَمۡنَا وَ اَنۡتَ خَیۡرُ الۡغٰفِرِیۡنَ ﴿۱۵۶﴾7 : 156 Муса биздин белгилеген убактыбыз үчүн өз коомунан жетимиш кишини тандап алды. Демек, аларды жер титирөө тутканда, ал айтты: «Эй, Раббим! Эгер Сен каалаганыӊда, алардын бардыгын жана мени дагы мындан мурунураак жок кылган болоор элеӊ. Эмне, Сен арабыздагы акмактардын кылмыштары үчүн бизди жок кыласыӊбы? Албетте, бул Сен жактан бир сыноо. Ушул (сыноо) аркылуу Сен Өзүӊ каалаган бирөөнү адашкан деп жарыя кыласыӊ жана каалаган кишиге хидаят тартуулайсыӊ. Сен гана биздин досубузсуӊ. Ошондуктан, бизди кечиргин жана бизге ырайым кылгын. Өзүӊ кечирүүчүлөрдүн эӊ жакшысысыӊ.