- وَ عِنۡدَہٗ مَفَاتِحُ الۡغَیۡبِ لَا یَعۡلَمُہَاۤ اِلَّا ہُوَ ؕ وَ یَعۡلَمُ مَا فِی الۡبَرِّ وَ الۡبَحۡرِ ؕ وَ مَا تَسۡقُطُ مِنۡ وَّرَقَۃٍ اِلَّا یَعۡلَمُہَا وَ لَا حَبَّۃٍ فِیۡ ظُلُمٰتِ الۡاَرۡضِ وَ لَا رَطۡبٍ وَّ لَا یَابِسٍ اِلَّا فِیۡ کِتٰبٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۶۰﴾6 : 60 Кайыптын ачкычтары Анын алдында. Аларды Анын Өзүнөн бөлөк эч ким билбейт. Ал кургактагы жана деңиздеги бар нерселерди билет. Ал билбестен туруп, бир да жалбырак үзүлүп түшпөйт. Жердин караңгылыктарында жашыруун ар бир дан, ар бир ным же кургак нерсе(нин зикири) бир ачык-айкын Китепте бар.