- وَ قَالُوۡا مَا فِیۡ بُطُوۡنِ ہٰذِہِ الۡاَنۡعَامِ خَالِصَۃٌ لِّذُکُوۡرِنَا وَ مُحَرَّمٌ عَلٰۤی اَزۡوَاجِنَا ۚ وَ اِنۡ یَّکُنۡ مَّیۡتَۃً فَہُمۡ فِیۡہِ شُرَکَآءُ ؕ سَیَجۡزِیۡہِمۡ وَصۡفَہُمۡ ؕ اِنَّہٗ حَکِیۡمٌ عَلِیۡمٌ ﴿۱۴۰﴾6 : 140 Жана алар айтышат: «Мына ушул чарба малдарынын карынындагы нерселер өзгөчө биздин эркектерибиз үчүн, ал эми аялдарыбызга арам кылынган». Ооба, эгер ал өлүк болсо, анда алардын бардыгы ан(дан пайдалануу)да шериктеш». Демек, Ал аларга алардын (ошондой) баяны үчүн албетте, жаза берет. Албетте, Ал акылмандык ээси (жана) дайыма билүүчү.