- وَ جَعَلُوۡا لِلّٰہِ مِمَّا ذَرَاَ مِنَ الۡحَرۡثِ وَ الۡاَنۡعَامِ نَصِیۡبًا فَقَالُوۡا ہٰذَا لِلّٰہِ بِزَعۡمِہِمۡ وَ ہٰذَا لِشُرَکَآئِنَا ۚ فَمَا کَانَ لِشُرَکَآئِہِمۡ فَلَا یَصِلُ اِلَی اللّٰہِ ۚ وَ مَا کَانَ لِلّٰہِ فَہُوَ یَصِلُ اِلٰی شُرَکَآئِہِمۡ ؕ سَآءَ مَا یَحۡکُمُوۡنَ ﴿۱۳۷﴾6 : 137 Алар Алла үчүн Анын Өзү пайда кылган эгиндер жана чарба малдарынан бир үлүштү ажыратып коюшкан жана алар өздөрүнчө ойлоп: «Мына бул Алла үчүн жана бул болсо, шериктерибиз үчүн», - дешет. Ошентип, алардын шериктериники Аллага жетип барбайт, ал эми Алланыкы болсо, алардын шериктерине тие берет. Алар чыгарып жаткан өкүм канчалык жаман!