- یٰمَعۡشَرَ الۡجِنِّ وَ الۡاِنۡسِ اَلَمۡ یَاۡتِکُمۡ رُسُلٌ مِّنۡکُمۡ یَقُصُّوۡنَ عَلَیۡکُمۡ اٰیٰتِیۡ وَ یُنۡذِرُوۡنَکُمۡ لِقَآءَ یَوۡمِکُمۡ ہٰذَا ؕ قَالُوۡا شَہِدۡنَا عَلٰۤی اَنۡفُسِنَا وَ غَرَّتۡہُمُ الۡحَیٰوۃُ الدُّنۡیَا وَ شَہِدُوۡا عَلٰۤی اَنۡفُسِہِمۡ اَنَّہُمۡ کَانُوۡا کٰفِرِیۡنَ ﴿۱۳۱﴾6 : 131 «Эй, жиндер жана адамдар тайпасы! Силерге Менин аяттарымды баяндап берген жана силерди ушул күнүӊөрдүн жолугушуусунан кулактандырган, өз араларыӊардан болгон пайгамбарлар келишпедиби?» Алар: «(Ооба!) Биз өзүбүзгө каршы күбөлүк беребиз», - дешет. Дүйнөлүк жашоо аларды алдап койгон эле жана алар: «Биз каапырлык кылуучулар элек», - деп өздөрүнө каршы күбөлүк беришет.