- وَ اِذَا جَآءَتۡہُمۡ اٰیَۃٌ قَالُوۡا لَنۡ نُّؤۡمِنَ حَتّٰی نُؤۡتٰی مِثۡلَ مَاۤ اُوۡتِیَ رُسُلُ اللّٰہِ ؕۘؔ اَللّٰہُ اَعۡلَمُ حَیۡثُ یَجۡعَلُ رِسَالَتَہٗ ؕ سَیُصِیۡبُ الَّذِیۡنَ اَجۡرَمُوۡا صَغَارٌ عِنۡدَ اللّٰہِ وَ عَذَابٌ شَدِیۡدٌۢ بِمَا کَانُوۡا یَمۡکُرُوۡنَ ﴿۱۲۵﴾6 : 125 Алар өздөрүнө кандайдыр бир аят-жышаан келгенде айтышат: «Бизге Алланын (мурунку) пайгамбарларына берилген (аят-жышаан)га окшош (аят-жышаан) берилмейинче, эч ыйман келтирбейбиз». Алла Өз пайгамбарлыгын кайсы жерге коюуну абдан жакшы билет. Күнөө иштерди кылгандарга өздөрү кылган айла-амалдары себебинен албетте, Алланын алдында кордук жана бир катуу азап жетет.