- وَ لَا تَسُبُّوا الَّذِیۡنَ یَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ فَیَسُبُّوا اللّٰہَ عَدۡوًۢا بِغَیۡرِ عِلۡمٍ ؕ کَذٰلِکَ زَیَّنَّا لِکُلِّ اُمَّۃٍ عَمَلَہُمۡ ۪ ثُمَّ اِلٰی رَبِّہِمۡ مَّرۡجِعُہُمۡ فَیُنَبِّئُہُمۡ بِمَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۰۹﴾6 : 109 Алар Алланы коюп, ордуна жалбара тургандарды сөкпөгүлө. Антпесе, алар кастык жолу менен (өздөрүнүн) наадандыгынан Алланы сөгүшөт. Биз ар бир коомго өздөрүнүн амалдарын мына ушундай сонун кылып көрсөтүп койгонбуз. Анан алардын кайтышы өздөрүнүн Раббисине гана. Ошондо Ал аларга өздөрү кылып жүргөн амалдарын айтып берет.