- یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِذَا قُمۡتُمۡ اِلَی الصَّلٰوۃِ فَاغۡسِلُوۡا وُجُوۡہَکُمۡ وَ اَیۡدِیَکُمۡ اِلَی الۡمَرَافِقِ وَ امۡسَحُوۡا بِرُءُوۡسِکُمۡ وَ اَرۡجُلَکُمۡ اِلَی الۡکَعۡبَیۡنِ ؕ وَ اِنۡ کُنۡتُمۡ جُنُبًا فَاطَّہَّرُوۡا ؕ وَ اِنۡ کُنۡتُمۡ مَّرۡضٰۤی اَوۡ عَلٰی سَفَرٍ اَوۡ جَآءَ اَحَدٌ مِّنۡکُمۡ مِّنَ الۡغَآئِطِ اَوۡ لٰمَسۡتُمُ النِّسَآءَ فَلَمۡ تَجِدُوۡا مَآءً فَتَیَمَّمُوۡا صَعِیۡدًا طَیِّبًا فَامۡسَحُوۡا بِوُجُوۡہِکُمۡ وَ اَیۡدِیۡکُمۡ مِّنۡہُ ؕ مَا یُرِیۡدُ اللّٰہُ لِیَجۡعَلَ عَلَیۡکُمۡ مِّنۡ حَرَجٍ وَّ لٰکِنۡ یُّرِیۡدُ لِیُطَہِّرَکُمۡ وَ لِیُتِمَّ نِعۡمَتَہٗ عَلَیۡکُمۡ لَعَلَّکُمۡ تَشۡکُرُوۡنَ ﴿۷﴾5 : 7 Эй, ыйман келтиргендер! Силер намазга баруу максатында турганыңарда, жүздөрүңөрдү жана колдоруңарды дагы чыканактарга чейин жууп алгыла, башыңарга «Масх» тарткыла жана буттарыңарды дагы томугуңарга чейин жууп алгыла. Эгер «жунуб» абалында болсоңор, (толук гусул кылып) жакшылап тазалангыла. Эгер кесел болсоңор, же сапарда болсоңор, же бирөөңөр дааратканадан чыккан болсоңор, же аялдар менен кошулган болсоңор жана ушул абалда суу таппасаңар, таза топуракка «Таййаммум» кылгыла, ошондой эле аны менен жүздөрүңөр жана колдоруңарга «Масх» тарткыла. Алла силерди оор ахвалга салууну каалабайт, бирок Ал силерди жакшылап тазалоону жана шүкүр кылууңар үчүн силерге Өз нээмат-берекесин толуктоону каалайт.