- وَ قَالَتِ الۡیَہُوۡدُ یَدُ اللّٰہِ مَغۡلُوۡلَۃٌ ؕ غُلَّتۡ اَیۡدِیۡہِمۡ وَ لُعِنُوۡا بِمَا قَالُوۡا ۘ بَلۡ یَدٰہُ مَبۡسُوۡطَتٰنِ ۙ یُنۡفِقُ کَیۡفَ یَشَآءُ ؕ وَ لَیَزِیۡدَنَّ کَثِیۡرًا مِّنۡہُمۡ مَّاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡکَ مِنۡ رَّبِّکَ طُغۡیَانًا وَّ کُفۡرًا ؕ وَ اَلۡقَیۡنَا بَیۡنَہُمُ الۡعَدَاوَۃَ وَ الۡبَغۡضَآءَ اِلٰی یَوۡمِ الۡقِیٰمَۃِ ؕ کُلَّمَاۤ اَوۡقَدُوۡا نَارًا لِّلۡحَرۡبِ اَطۡفَاَہَا اللّٰہُ ۙ وَ یَسۡعَوۡنَ فِی الۡاَرۡضِ فَسَادًا ؕ وَ اللّٰہُ لَا یُحِبُّ الۡمُفۡسِدِیۡنَ ﴿۶۵﴾5 : 65 Жөөттөр: «Алланын колу байланып коюлган», - дешет. Чынында, өздөрүнүн колдору байланып коюлган жана алардын ушундай дегендиктери себебинен аларга каргыш жиберилген. Жок, Анын эки колу тең ачык. Ал Өзү каалагандай каржылайт. Раббиң тарабынан сага түшүрүлгөн нерсе алардын көпчүлүгүнүн кежирлигин жана каапырлыгын албетте, күчөтөт. Биз алардын арасында кыямат күнүнө чейин кастык жана ичи тардык салып койгонбуз. Ар сапар алар уруш отун жаккандарында, Алла аны өчүрүп коёт. Алар жерде баш аламандык кылуу максатында чуркап жүрүшөт. Алла баш аламандык кылуучуларды жактырбайт.