- حُرِّمَتۡ عَلَیۡکُمُ الۡمَیۡتَۃُ وَ الدَّمُ وَ لَحۡمُ الۡخِنۡزِیۡرِ وَ مَاۤ اُہِلَّ لِغَیۡرِ اللّٰہِ بِہٖ وَ الۡمُنۡخَنِقَۃُ وَ الۡمَوۡقُوۡذَۃُ وَ الۡمُتَرَدِّیَۃُ وَ النَّطِیۡحَۃُ وَ مَاۤ اَکَلَ السَّبُعُ اِلَّا مَا ذَکَّیۡتُمۡ ۟ وَ مَا ذُبِحَ عَلَی النُّصُبِ وَ اَنۡ تَسۡتَقۡسِمُوۡا بِالۡاَزۡلَامِ ؕ ذٰلِکُمۡ فِسۡقٌ ؕ اَلۡیَوۡمَ یَئِسَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مِنۡ دِیۡنِکُمۡ فَلَا تَخۡشَوۡہُمۡ وَ اخۡشَوۡنِ ؕ اَلۡیَوۡمَ اَکۡمَلۡتُ لَکُمۡ دِیۡنَکُمۡ وَ اَتۡمَمۡتُ عَلَیۡکُمۡ نِعۡمَتِیۡ وَ رَضِیۡتُ لَکُمُ الۡاِسۡلَامَ دِیۡنًا ؕ فَمَنِ اضۡطُرَّ فِیۡ مَخۡمَصَۃٍ غَیۡرَ مُتَجَانِفٍ لِّاِثۡمٍ ۙ فَاِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۴﴾5 : 4 Силерге өлүмтүк, кан, чочко эти, Алладан башка бирөөнүн атынан союлган, муунуп өлгөн, урулуп өлгөн, жыгылып өлгөн, сүзүлүп өлгөн (мал) арам кылынды; ошондой эле жырткыч айбандар жеген (мал) дагы (арам кылынды), бирок аны (өлө элегинде) союуга үлгүрсөңөр, (адал болот). Мындан тышкары жалган кудайлардын курмандык жайларында союлган (мал дагы арам). Жана жебелер (атуу) аркылуу өз ара бөлүшкөнүңөр (дагы арам). Мунун бардыгы фасыктык-бузгунчулук. Бүгүн каапыр болгондор силердин диниңер(ге жарака салуу)дан үмүт үзүшкөн. Ошентип, алардан коркпогула, тескерисинче, Менден гана корккула. Бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылдым жана силерге Өз нээмат-кутумду толук кылдым, ошондой эле силерге Исламды дин катары макул көрдүм. Анан кимде-ким катуу ачкалыгы себебинен күнөөгө ыктабаган бойдон (тыюу салынган нерсени жешке) мажбур болсо, Алла албетте, өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.