مِنۡ اَجۡلِ ذٰلِکَ ۚۛؔ کَتَبۡنَا عَلٰی بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ اَنَّہٗ مَنۡ قَتَلَ نَفۡسًۢا بِغَیۡرِ نَفۡسٍ اَوۡ فَسَادٍ فِی الۡاَرۡضِ فَکَاَنَّمَا قَتَلَ النَّاسَ جَمِیۡعًا ؕ وَ مَنۡ اَحۡیَاہَا فَکَاَنَّمَاۤ اَحۡیَا النَّاسَ جَمِیۡعًا ؕ وَ لَقَدۡ جَآءَتۡہُمۡ رُسُلُنَا بِالۡبَیِّنٰتِ ۫ ثُمَّ اِنَّ کَثِیۡرًا مِّنۡہُمۡ بَعۡدَ ذٰلِکَ فِی الۡاَرۡضِ لَمُسۡرِفُوۡنَ ﴿۳۳﴾
5 : 33
Мына ушул себептен Биз Исрааийл балдарына парыз кылдык: кимдир бирөө эч кимди өлтүрбөгөн же жерде бүлүк салбаган кишини өлтүрсө, тим эле ал бардык адамдарды өлтүргөндөй болот; ошондой эле ким аны тирүү калтырса, тим эле ал бардык адамдарды тирилткендей болот. Албетте, аларга Биздин пайгамбарларыбыз ачыктан-ачык аят-жышаандарды алып келишти. Мындан кийин дагы алардын көпчүлүгү жерде чектен ашат.