- یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تُحِلُّوۡا شَعَآئِرَ اللّٰہِ وَ لَا الشَّہۡرَ الۡحَرَامَ وَ لَا الۡہَدۡیَ وَ لَا الۡقَلَآئِدَ وَ لَاۤ آٰمِّیۡنَ الۡبَیۡتَ الۡحَرَامَ یَبۡتَغُوۡنَ فَضۡلًا مِّنۡ رَّبِّہِمۡ وَ رِضۡوَانًا ؕ وَ اِذَا حَلَلۡتُمۡ فَاصۡطَادُوۡا ؕ وَ لَا یَجۡرِمَنَّکُمۡ شَنَاٰنُ قَوۡمٍ اَنۡ صَدُّوۡکُمۡ عَنِ الۡمَسۡجِدِ الۡحَرَامِ اَنۡ تَعۡتَدُوۡا ۘ وَ تَعَاوَنُوۡا عَلَی الۡبِرِّ وَ التَّقۡوٰی ۪ وَ لَا تَعَاوَنُوۡا عَلَی الۡاِثۡمِ وَ الۡعُدۡوَانِ ۪ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ شَدِیۡدُ الۡعِقَابِ ﴿۳﴾5 : 3 Эй, ыйман келтиргендер! Алланын аят-белгилерин да, ыйык айды да, курмандыкка чалына турган малдарды да, курмандык белгиси катары моюндарына каргы байланган жаныбарларды да, ошондой эле өз Раббиси тарабынан мол берешендик жана ыраазычылыкты тилеп, ыйык Үй жакка барууну ниеттенген адамдарды да урматсыз кылбагыла. Силер «Ихрамдан» чыкканыңардан кийин (беймарал) аң уулагыла. Кандайдыр бир коомдун силерди Масжид аль-Харамдан тыюу салгандыктары себептүү аларга карата душмандыгыңар силерди адилетсиздикке үндөбөсүн. Жакшылык жана такыба (иштер)де бири-бириңерге жардам бергиле, ал эми күнөө жана зулумдук (иштер)де бири-бириңерге жардам бербегиле. Алладан корккула! Албетте, Алла жазалоодо абдан катуу.