- وَ اتۡلُ عَلَیۡہِمۡ نَبَاَ ابۡنَیۡ اٰدَمَ بِالۡحَقِّ ۘ اِذۡ قَرَّبَا قُرۡبَانًا فَتُقُبِّلَ مِنۡ اَحَدِہِمَا وَ لَمۡ یُتَقَبَّلۡ مِنَ الۡاٰخَرِ ؕ قَالَ لَاَقۡتُلَنَّکَ ؕ قَالَ اِنَّمَا یَتَقَبَّلُ اللّٰہُ مِنَ الۡمُتَّقِیۡنَ ﴿۲۸﴾5 : 28 Алардын алдында Адамдын эки уулунун окуясын чындык менен баян кыл: качан ал экөөсү курмандык кылгандарында, алардын бирөөсүнүкү кабыл алынды, экинчисинен кабыл алынбады. (Ошондо) ал айтты: «Мен албетте, сени өлтүрөмүн». Ага жооп катары ал айтты: «Чындыгында, Алла такыбалардан гана (курмандыкты) кабыл кылат.