- وَ لَقَدۡ اَخَذَ اللّٰہُ مِیۡثَاقَ بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ ۚ وَ بَعَثۡنَا مِنۡہُمُ اثۡنَیۡ عَشَرَ نَقِیۡبًا ؕ وَ قَالَ اللّٰہُ اِنِّیۡ مَعَکُمۡ ؕ لَئِنۡ اَقَمۡتُمُ الصَّلٰوۃَ وَ اٰتَیۡتُمُ الزَّکٰوۃَ وَ اٰمَنۡتُمۡ بِرُسُلِیۡ وَ عَزَّرۡتُمُوۡہُمۡ وَ اَقۡرَضۡتُمُ اللّٰہَ قَرۡضًا حَسَنًا لَّاُکَفِّرَنَّ عَنۡکُمۡ سَیِّاٰتِکُمۡ وَ لَاُدۡخِلَنَّکُمۡ جَنّٰتٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ ۚ فَمَنۡ کَفَرَ بَعۡدَ ذٰلِکَ مِنۡکُمۡ فَقَدۡ ضَلَّ سَوَآءَ السَّبِیۡلِ ﴿۱۳﴾5 : 13 Албетте, Алла Исрааийл балдарынын ант-убадасын (дагы) алган. Биз алардын ичинен он эки башчы дайындаган элек. Алла айтты: «Албетте, силер менен биргемин. Эгер силер намаз окусаңар жана зекет берсеңер, ошондой эле Менин пайгамбарларыма ыйман келтирсеңер жана аларга жардам берсеңер, ошондой эле Аллага «карзы хасана» катары карыз берсеңер, анда Мен албетте, жамандыктарыңарды силерден алып таштаймын жана албетте, силерди ортосунан дайралар агып өтүүчү бейиштерге киргиземин. Демек, араңардан кимде-ким мындан кийин каапырлык кылса, ал албетте, туура жолдон адашып кетти».