- اِذۡ قَالَ اللّٰہُ یٰعِیۡسَی ابۡنَ مَرۡیَمَ اذۡکُرۡ نِعۡمَتِیۡ عَلَیۡکَ وَ عَلٰی وَالِدَتِکَ ۘ اِذۡ اَیَّدۡتُّکَ بِرُوۡحِ الۡقُدُسِ ۟ تُکَلِّمُ النَّاسَ فِی الۡمَہۡدِ وَ کَہۡلًا ۚ وَ اِذۡ عَلَّمۡتُکَ الۡکِتٰبَ وَ الۡحِکۡمَۃَ وَ التَّوۡرٰٮۃَ وَ الۡاِنۡجِیۡلَ ۚ وَ اِذۡ تَخۡلُقُ مِنَ الطِّیۡنِ کَہَیۡـَٔۃِ الطَّیۡرِ بِاِذۡنِیۡ فَتَنۡفُخُ فِیۡہَا فَتَکُوۡنُ طَیۡرًۢا بِاِذۡنِیۡ وَ تُبۡرِیٴُ الۡاَکۡمَہَ وَ الۡاَبۡرَصَ بِاِذۡنِیۡ ۚ وَ اِذۡ تُخۡرِجُ الۡمَوۡتٰی بِاِذۡنِیۡ ۚ وَ اِذۡ کَفَفۡتُ بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ عَنۡکَ اِذۡ جِئۡتَہُمۡ بِالۡبَیِّنٰتِ فَقَالَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مِنۡہُمۡ اِنۡ ہٰذَاۤ اِلَّا سِحۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۱۱۱﴾5 : 111 (Эстегиле), качан Алла айткан: «Эй, Марям уулу Иса! Сага жана сенин энеңе көрсөткөн айкөлдүгүмдү эстегин. Качан Мен сени ыйык Рух менен кубаттандырдым. Сен бешикте да, орто жашта да адамдарга сүйлөчүсүң; ошондой эле Мен сага Китеп жана хикмат-акылмандыкты, Тоорат жана Инжилди үйрөткөн убактымды дагы (эстегин). Качан сен Менин буйругум менен ылайдан куштардын сөлөкөтүндөй жаратаар элең. Анан ага үйлөгөнүңдө, ал Менин буйругум менен куштарга айланаар эле. Жана сен Менин буйругум менен тубаса көрлөрдү жана ала ооруларды айыктыраар элең. Жана качан сен Менин буйругум менен өлүктөрдү чыгараар элең. Жана качан Мен сенден Исрааийл балдарын тосуп турдум. Качан сен аларга ачык аят-белгилер алып келгениңде, алардын арасындагы каапырлар: «Бул албетте, ачыктан-ачык сыйкырдан бөлөк эч нерсе эмес», - дешти.