- مُحَمَّدٌ رَّسُوۡلُ اللّٰہِ ؕ وَ الَّذِیۡنَ مَعَہٗۤ اَشِدَّآءُ عَلَی الۡکُفَّارِ رُحَمَآءُ بَیۡنَہُمۡ تَرٰٮہُمۡ رُکَّعًا سُجَّدًا یَّبۡتَغُوۡنَ فَضۡلًا مِّنَ اللّٰہِ وَ رِضۡوَانًا ۫ سِیۡمَاہُمۡ فِیۡ وُجُوۡہِہِمۡ مِّنۡ اَثَرِ السُّجُوۡدِ ؕ ذٰلِکَ مَثَلُہُمۡ فِی التَّوۡرٰٮۃِ ۚۖۛ وَ مَثَلُہُمۡ فِی الۡاِنۡجِیۡلِ ۚ۟ۛ کَزَرۡعٍ اَخۡرَجَ شَطۡـَٔہٗ فَاٰزَرَہٗ فَاسۡتَغۡلَظَ فَاسۡتَوٰی عَلٰی سُوۡقِہٖ یُعۡجِبُ الزُّرَّاعَ لِیَغِیۡظَ بِہِمُ الۡکُفَّارَ ؕ وَعَدَ اللّٰہُ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ مِنۡہُمۡ مَّغۡفِرَۃً وَّ اَجۡرًا عَظِیۡمًا ﴿٪۳۰﴾48 : 30 Алланын Пайгамбары Мухаммад жана аны менен бирге болгондор каапырларга абдан катуу (жана) өз ара бири-бирине карата абдан боорукер; сен аларды руку жана сажда кылып жаткан абалдарында көрөсүӊ; алар бир гана Алладан берешендик жана ыраазычылыкты каалашат. Саждалар таасиринде жүздөрүндө алардын белгиси бар. Алардын мына ошол мисалы Тооратта бар. Инжилде алардын мисалы бир эгинге окшойт: ал өз бүчүрүн чыгарат, анан аны бекемдейт; анан жоондонуп, өз сабагында бекем болуп калат; ал дыйкандарды кубандырат. Натыйжада, каапырлар андан ачууланышат. Алла алардын ичиндеги ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандарга кечирим жана үлкөн сыйлыкты убада кылган.