- وَ وَصَّیۡنَا الۡاِنۡسَانَ بِوَالِدَیۡہِ اِحۡسٰنًا ؕ حَمَلَتۡہُ اُمُّہٗ کُرۡہًا وَّ وَضَعَتۡہُ کُرۡہًا ؕ وَ حَمۡلُہٗ وَ فِصٰلُہٗ ثَلٰثُوۡنَ شَہۡرًا ؕ حَتّٰۤی اِذَا بَلَغَ اَشُدَّہٗ وَ بَلَغَ اَرۡبَعِیۡنَ سَنَۃً ۙ قَالَ رَبِّ اَوۡزِعۡنِیۡۤ اَنۡ اَشۡکُرَ نِعۡمَتَکَ الَّتِیۡۤ اَنۡعَمۡتَ عَلَیَّ وَ عَلٰی وَالِدَیَّ وَ اَنۡ اَعۡمَلَ صَالِحًا تَرۡضٰہُ وَ اَصۡلِحۡ لِیۡ فِیۡ ذُرِّیَّتِیۡ ۚؕ اِنِّیۡ تُبۡتُ اِلَیۡکَ وَ اِنِّیۡ مِنَ الۡمُسۡلِمِیۡنَ ﴿۱۶﴾46 : 16 Жана Биз инсанга ата-энесине жакшылык кылууну баса белгилеп насаат кылдык. Анын энеси аны кыйынчылык менен көтөрүп жүргөн жана кыйынчылык менен аны төрөгөн. Аны көтөрүп жүрүү жана аны көкүрөктөн айыруу мөөнөтү – отуз ай. А түгүл ал өзүнүн толук кубатына ээ болуп, кырк жашка киргенде, айтты: «Эй, Раббим! Мага жана ата-энеме көрсөткөн мээримдүүлүгүӊ үчүн шүкүр кылуума жана Сага жаккан иштерди кылышым үчүн мага күч-кубат бергин, ошондой эле мен үчүн тукумумду да оӊдогун. Албетте, мен Сага гана жалбарамын жана шексиз, мен баш ийүүчүлөрдөнмүн».