- اَفَلَمۡ یَسِیۡرُوۡا فِی الۡاَرۡضِ فَیَنۡظُرُوۡا کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ ؕ کَانُوۡۤا اَکۡثَرَ مِنۡہُمۡ وَ اَشَدَّ قُوَّۃً وَّ اٰثَارًا فِی الۡاَرۡضِ فَمَاۤ اَغۡنٰی عَنۡہُمۡ مَّا کَانُوۡا یَکۡسِبُوۡنَ ﴿۸۳﴾40 : 83 Демек, алар өздөрүнөн мурун өткөндөрдүн акыбети кандай болгонун көрүш үчүн жерде кыдырышкан жокпу? Алар буларга караганда, сан жагынан дагы көбүрөөк болушкан, күч-кубат жагынан дагы; ошондой эле жерде (улуктук) издерин калтыруу боюнча да кудуреттүүрөөк болчу. Ошого карабастан, кылып жүргөн иштери аларга жан тарта албады.