- اِلَّا الَّذِیۡنَ یَصِلُوۡنَ اِلٰی قَوۡمٍۭ بَیۡنَکُمۡ وَ بَیۡنَہُمۡ مِّیۡثَاقٌ اَوۡ جَآءُوۡکُمۡ حَصِرَتۡ صُدُوۡرُہُمۡ اَنۡ یُّقَاتِلُوۡکُمۡ اَوۡ یُقَاتِلُوۡا قَوۡمَہُمۡ ؕ وَ لَوۡ شَآءَ اللّٰہُ لَسَلَّطَہُمۡ عَلَیۡکُمۡ فَلَقٰتَلُوۡکُمۡ ۚ فَاِنِ اعۡتَزَلُوۡکُمۡ فَلَمۡ یُقَاتِلُوۡکُمۡ وَ اَلۡقَوۡا اِلَیۡکُمُ السَّلَمَ ۙ فَمَا جَعَلَ اللّٰہُ لَکُمۡ عَلَیۡہِمۡ سَبِیۡلًا ﴿۹۱﴾4 : 91 Араларыңарда келишим болгон коом менен алакада болгон кишилер, же силер менен уруш кылууга же өз коому менен уруш кылууга көңүлү чаппай, силердин алдыңарга келген кишилер болсо, анда башка кеп. Эгер Алла каалаганда, аларды силерден жогору кылып коймок эле, анда алар албетте, силер менен урушмак болчу. Демек, эгер алар силерден четтесе, андан кийин силер менен урушпаса жана силерге тынчтыкты сунуш кылышса, анда Алла аларга каршы (акысыздык кылууга) силерге жол бербейт.