- یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اَطِیۡعُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوا الرَّسُوۡلَ وَ اُولِی الۡاَمۡرِ مِنۡکُمۡ ۚ فَاِنۡ تَنَازَعۡتُمۡ فِیۡ شَیۡءٍ فَرُدُّوۡہُ اِلَی اللّٰہِ وَ الرَّسُوۡلِ اِنۡ کُنۡتُمۡ تُؤۡمِنُوۡنَ بِاللّٰہِ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ ؕ ذٰلِکَ خَیۡرٌ وَّ اَحۡسَنُ تَاۡوِیۡلًا ﴿٪۶۰﴾4 : 60 Эй, ыйман келтиргендер! Аллага баш ийгиле жана Пайгамбарга баш ийгиле, ошондой эле өз акимдериңерге дагы (баш ийгиле). Эгер кандайдыр бир маселеде (акимдериңер менен) келишпестик чыкса, анда мындай маселелерди Аллага жана Пайгамбарга кайтаргыла, эгер (чындыгында) силер Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирүүчү болсоңор. Мына ушул эң жакшы (жол) жана акыбет жагынан да эң жакшы.