- وَّ الۡمُحۡصَنٰتُ مِنَ النِّسَآءِ اِلَّا مَا مَلَکَتۡ اَیۡمَانُکُمۡ ۚ کِتٰبَ اللّٰہِ عَلَیۡکُمۡ ۚ وَ اُحِلَّ لَکُمۡ مَّا وَرَآءَ ذٰلِکُمۡ اَنۡ تَبۡتَغُوۡا بِاَمۡوَالِکُمۡ مُّحۡصِنِیۡنَ غَیۡرَ مُسٰفِحِیۡنَ ؕ فَمَا اسۡتَمۡتَعۡتُمۡ بِہٖ مِنۡہُنَّ فَاٰتُوۡہُنَّ اُجُوۡرَہُنَّ فَرِیۡضَۃً ؕ وَ لَا جُنَاحَ عَلَیۡکُمۡ فِیۡمَا تَرٰضَیۡتُمۡ بِہٖ مِنۡۢ بَعۡدِ الۡفَرِیۡضَۃِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ عَلِیۡمًا حَکِیۡمًا ﴿۲۵﴾4 : 25 Жана күйөөсү бар аялдар дагы (силерге арам кылынды). Ал эми кол астыңардагылар буга кирбейт. Бул силерге Алла тарабынан парыз кылынган. Мындан башкалар силерге адал кылынып коюлган, эгер өз дүнүйө-мүлкүңөр аркылуу өз жүрүш-турушуңарга көңүл буруп, бузукулукка жол бербей, (аларды) алмакчы болсоңор. Демек, алардан пайдаланганыңар үчүн алардын махр-калыңдарын парыз катары аларга бергиле. Жана махр белгиленгенден кийин (кандайдыр бир өзгөртүүгө) өз ара келишсеңер, силерге эч кандай күнөө болбойт. Албетте, Алла дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси.