- یَسۡتَفۡتُوۡنَکَ ؕ قُلِ اللّٰہُ یُفۡتِیۡکُمۡ فِی الۡکَلٰلَۃِ ؕ اِنِ امۡرُؤٌا ہَلَکَ لَیۡسَ لَہٗ وَلَدٌ وَّ لَہٗۤ اُخۡتٌ فَلَہَا نِصۡفُ مَا تَرَکَ ۚ وَ ہُوَ یَرِثُہَاۤ اِنۡ لَّمۡ یَکُنۡ لَّہَا وَلَدٌ ؕ فَاِنۡ کَانَتَا اثۡنَتَیۡنِ فَلَہُمَا الثُّلُثٰنِ مِمَّا تَرَکَ ؕ وَ اِنۡ کَانُوۡۤا اِخۡوَۃً رِّجَالًا وَّ نِسَآءً فَلِلذَّکَرِ مِثۡلُ حَظِّ الۡاُنۡثَیَیۡنِ ؕ یُبَیِّنُ اللّٰہُ لَکُمۡ اَنۡ تَضِلُّوۡا ؕ وَ اللّٰہُ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌ ﴿۱۷۷﴾٪4 : 177 Алар сенден фатва сурашат. Айткын: «Алла силерге «Калаалах» тууралуу фатва берет: эгер бала-чакасы болбогон, бирок эжеси же карындашы болгон бир киши каза болсо, анын эжеси же карындашы үчүн ал калтырган (мурас)тын жарымы болот жана ал ошол (эжеси же карындашы)нын (баардык) мурасына ээ болот, эгер ал (эжеси же карындашы) бала-чакасыз болсо. Эгер алар (эжеси же карындашы) экөө болсо, анда алар үчүн ал калтырган (мурас)тын үчтөн эки бөлүгү болот. Эгер эже-сиңдилер, ага-инилер, эркек жана аялдар (аралашкан) болушса, анда (ар бир) эркек үчүн эки аялга тең келген үлүш болот. Алла адашып калбашыңар үчүн силерге (кепти) ачык-айкын баян кылат. Алла ар бир нерсени эң жакшы билет.