- وَ لِلّٰہِ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ وَ لَقَدۡ وَصَّیۡنَا الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ وَ اِیَّاکُمۡ اَنِ اتَّقُوا اللّٰہَ ؕ وَ اِنۡ تَکۡفُرُوۡا فَاِنَّ لِلّٰہِ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ غَنِیًّا حَمِیۡدًا ﴿۱۳۲﴾4 : 132 Асмандар жана жердеги бар нерселер Алланыкы. Албетте, Биз силерден мурун Китеп берилген адамдарга дагы, силерге дагы: «Алладан корккула», - деп ачык-айкын буйрук берген элек. Эгер силер каапырлык кылсаңар, албетте, асмандар жана жердеги бар нерселер Алланыкы. Алла байлык (жана) мактоо ээси.