- یُوۡصِیۡکُمُ اللّٰہُ فِیۡۤ اَوۡلَادِکُمۡ ٭ لِلذَّکَرِ مِثۡلُ حَظِّ الۡاُنۡثَیَیۡنِ ۚ فَاِنۡ کُنَّ نِسَآءً فَوۡقَ اثۡنَتَیۡنِ فَلَہُنَّ ثُلُثَا مَا تَرَکَ ۚ وَ اِنۡ کَانَتۡ وَاحِدَۃً فَلَہَا النِّصۡفُ ؕ وَ لِاَبَوَیۡہِ لِکُلِّ وَاحِدٍ مِّنۡہُمَا السُّدُسُ مِمَّا تَرَکَ اِنۡ کَانَ لَہٗ وَلَدٌ ۚ فَاِنۡ لَّمۡ یَکُنۡ لَّہٗ وَلَدٌ وَّ وَرِثَہٗۤ اَبَوٰہُ فَلِاُمِّہِ الثُّلُثُ ۚ فَاِنۡ کَانَ لَہٗۤ اِخۡوَۃٌ فَلِاُمِّہِ السُّدُسُ مِنۡۢ بَعۡدِ وَصِیَّۃٍ یُّوۡصِیۡ بِہَاۤ اَوۡ دَیۡنٍ ؕ اٰبَآؤُکُمۡ وَ اَبۡنَآؤُکُمۡ لَا تَدۡرُوۡنَ اَیُّہُمۡ اَقۡرَبُ لَکُمۡ نَفۡعًا ؕ فَرِیۡضَۃً مِّنَ اللّٰہِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ عَلِیۡمًا حَکِیۡمًا ﴿۱۲﴾4 : 12 Алла силерге балдарыңар туурасында осуят кылат: (бир) эркек үчүн эки аялдын үлүшүнө тең (үлүш) бар. Эгер алар экиден артык аял болсо, аларга ал (өлгөн киши) калтырган нерсенин үчтөн эки бөлүгү бар. Ал эми, эгер ал жалгыз (аял) болсо, анда ал жарымына ээ болот. Эгер ал (маркум) бала-чакалуу болсо, анын ата-энесинин ар бирине ал калтырган мурастын алтыдан бир бөлүгү тиет. Эгер анын бала-чакасы болбосо жана ата-энеси анын мураскору болсо, анда энесине мурастын үчтөн бир бөлүгү тиет. Эгер ал (маркум)дун ага-инилери, эже-карындаштары болсо, анда энесине алтыдан бир бөлүгү тиет. (Бул үлүштөрдүн бардыгы) ал (маркум)дун керези жана карызы төлөнгөн соң (бөлүп берилет). Ата-бабаларыңар жана балдарыңардын кайсы бири пайда келтирүүдө силерге жакыныраак экенин билбейсиңер. Бул Алла тарабынан парыз кылынган. Албетте, Алла дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси.