- اِنۡ تَکۡفُرُوۡا فَاِنَّ اللّٰہَ غَنِیٌّ عَنۡکُمۡ ۟ وَ لَا یَرۡضٰی لِعِبَادِہِ الۡکُفۡرَ ۚ وَ اِنۡ تَشۡکُرُوۡا یَرۡضَہُ لَکُمۡ ؕ وَ لَا تَزِرُ وَازِرَۃٌ وِّزۡرَ اُخۡرٰی ؕ ثُمَّ اِلٰی رَبِّکُمۡ مَّرۡجِعُکُمۡ فَیُنَبِّئُکُمۡ بِمَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ؕ اِنَّہٗ عَلِیۡمٌۢ بِذَاتِ الصُّدُوۡرِ ﴿۸﴾39 : 8 Эгер силер каапырлык кылсаӊар, албетте, Алла силерге муктаж эмес жана Ал Өзүнүн пенделерине каапырчылыкты ыраа көрбөйт. Эгер силер шүкүр кылсаӊар, Ал муну силер үчүн жакшы көрөт. Эч бир жүк көтөрүүчү (жан) башка бирөөнүн жүгүн көтөрбөйт. Анан Раббиӊерге баарыӊардын кайтышыӊар бар. Ошондо Ал силерге өзүӊөр кылган амалдарыӊардан кабар берет. Албетте, Ал көкүрөктөрдөгү сырларды абдан жакшы билет.