- 39:4اَلَا لِلّٰہِ الدِّیۡنُ الۡخَالِصُ ؕ وَ الَّذِیۡنَ اتَّخَذُوۡا مِنۡ دُوۡنِہٖۤ اَوۡلِیَآءَ ۘ مَا نَعۡبُدُہُمۡ اِلَّا لِیُقَرِّبُوۡنَاۤ اِلَی اللّٰہِ زُلۡفٰی ؕ اِنَّ اللّٰہَ یَحۡکُمُ بَیۡنَہُمۡ فِیۡ مَا ہُمۡ فِیۡہِ یَخۡتَلِفُوۡنَ ۬ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یَہۡدِیۡ مَنۡ ہُوَ کٰذِبٌ کَفَّارٌ ﴿۴﴾Сак болгула! Таза дин гана Аллага ылайык. Ал (Алла)нын ордуна (башкаларды) дос кылып алгандар: «Алар бизди Аллага жакындаштырган бойдон жакындыктын бийик мартабасына жеткирип коюшу үчүн гана биз аларга ибадат кылабыз», - (дешет). Албетте, алар талашып-тартышып жаткан нерселер туурасында Алла алардын ортосунда өкүм кылат. Алла жалганчы (жана) шүкүрсүздү эч качан туура жолго салбайт.
0:00
/
0:00