- مَا جَعَلَ اللّٰہُ لِرَجُلٍ مِّنۡ قَلۡبَیۡنِ فِیۡ جَوۡفِہٖ ۚ وَ مَا جَعَلَ اَزۡوَاجَکُمُ الّٰٓیِٴۡ تُظٰہِرُوۡنَ مِنۡہُنَّ اُمَّہٰتِکُمۡ ۚ وَ مَا جَعَلَ اَدۡعِیَآءَکُمۡ اَبۡنَآءَکُمۡ ؕ ذٰلِکُمۡ قَوۡلُکُمۡ بِاَفۡوَاہِکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ یَقُوۡلُ الۡحَقَّ وَ ہُوَ یَہۡدِی السَّبِیۡلَ ﴿۵﴾33 : 5 Алла эч бир кишинин көкүрөгүндө эки жүрөк пайда кылган эмес жана силер эне деп өзүӊөргө арам кылып алган аялдарыӊарды энеӊер кылган эмес; силердин асырандыӊарды дагы уул кылган эмес. Булар – силердин оозуӊардан чыккан сөздөр гана. Алла ырас (кеп)ти баян кылат жана Анын Өзү гана (туура) жолго хидаят кылат.