- اَوَ لَمۡ یَسِیۡرُوۡا فِی الۡاَرۡضِ فَیَنۡظُرُوۡا کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ ؕ کَانُوۡۤا اَشَدَّ مِنۡہُمۡ قُوَّۃً وَّ اَثَارُوا الۡاَرۡضَ وَ عَمَرُوۡہَاۤ اَکۡثَرَ مِمَّا عَمَرُوۡہَا وَ جَآءَتۡہُمۡ رُسُلُہُمۡ بِالۡبَیِّنٰتِ ؕ فَمَا کَانَ اللّٰہُ لِیَظۡلِمَہُمۡ وَ لٰکِنۡ کَانُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ یَظۡلِمُوۡنَ ؕ﴿۱۰﴾30 : 10 Жана алар өздөрүнөн мурун өткөндөрдүн акыбети кандай болгонун көрүү үчүн жерде саякат кылышкан жокпу? Алардын кудурети булардан күчтүүрөөк болчу. Алар жерди жарып, аны булардын абат кылуусунан да көбүрөөк абат кылышкан болчу. Алардын пайгамбарлары алардын алдына дагы ачык-айкын аят-белгилер менен келишкен эле. Демек, Алла аларга зулумдук кылуучу Зат эмес, жок, алардын өздөрү-өздөрүнө зулумдук кылышчу.