- مَا کَانَ اللّٰہُ لِیَذَرَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ عَلٰی مَاۤ اَنۡتُمۡ عَلَیۡہِ حَتّٰی یَمِیۡزَ الۡخَبِیۡثَ مِنَ الطَّیِّبِ ؕ وَ مَا کَانَ اللّٰہُ لِیُطۡلِعَکُمۡ عَلَی الۡغَیۡبِ وَ لٰکِنَّ اللّٰہَ یَجۡتَبِیۡ مِنۡ رُّسُلِہٖ مَنۡ یَّشَآءُ ۪ فَاٰمِنُوۡا بِاللّٰہِ وَ رُسُلِہٖ ۚ وَ اِنۡ تُؤۡمِنُوۡا وَ تَتَّقُوۡا فَلَکُمۡ اَجۡرٌ عَظِیۡمٌ ﴿۱۸۰﴾3 : 180 Алла ыпластыкты тазалыктан ажыратмайынча, момундарды силердин мына ушул ахвалыңарда таштап коюучу эмес. Силердин (баарыңарды) кайыптан кабардар кылуу – Алланын сүннөт-адаты эмес. Тескерисинче, Алла Өз пайгамбарларынан каалаганын тандап алат. Демек, Аллага жана Анын пайгамбарларына ыйман келтиргиле. Эгер ыйман келтирсеңер жана такыба болсоңор, анда силер үчүн зор сыйлык бар.