- ثُمَّ اَنۡزَلَ عَلَیۡکُمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ الۡغَمِّ اَمَنَۃً نُّعَاسًا یَّغۡشٰی طَآئِفَۃً مِّنۡکُمۡ ۙ وَ طَآئِفَۃٌ قَدۡ اَہَمَّتۡہُمۡ اَنۡفُسُہُمۡ یَظُنُّوۡنَ بِاللّٰہِ غَیۡرَ الۡحَقِّ ظَنَّ الۡجَاہِلِیَّۃِ ؕ یَقُوۡلُوۡنَ ہَلۡ لَّنَا مِنَ الۡاَمۡرِ مِنۡ شَیۡءٍ ؕ قُلۡ اِنَّ الۡاَمۡرَ کُلَّہٗ لِلّٰہِ ؕ یُخۡفُوۡنَ فِیۡۤ اَنۡفُسِہِمۡ مَّا لَا یُبۡدُوۡنَ لَکَ ؕ یَقُوۡلُوۡنَ لَوۡ کَانَ لَنَا مِنَ الۡاَمۡرِ شَیۡءٌ مَّا قُتِلۡنَا ہٰہُنَا ؕ قُلۡ لَّوۡ کُنۡتُمۡ فِیۡ بُیُوۡتِکُمۡ لَبَرَزَ الَّذِیۡنَ کُتِبَ عَلَیۡہِمُ الۡقَتۡلُ اِلٰی مَضَاجِعِہِمۡ ۚ وَ لِیَبۡتَلِیَ اللّٰہُ مَا فِیۡ صُدُوۡرِکُمۡ وَ لِیُمَحِّصَ مَا فِیۡ قُلُوۡبِکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌۢ بِذَاتِ الصُّدُوۡرِ ﴿۱۵۵﴾3 : 155 Анан санаадан кийин Ал силерге бейпилдик берүү үчүн уйку түшүрдү: ал силердин бир бөлүгүңөрдү курчап алган эле. Ал эми, башка бир тайпа болсо, өз жандары туурасында алек болчу. Алар Алла тууралуу наадандык (доорундагы) күмөндөр сыяктуу туура эмес күмөн санашчу. Алар: «Коош, маанилүү чечимдерде биздин дагы кандайдыр бир катышыбыз барбы?» - деп айтышчу. Айт: «Албетте, өкүм кылыш бүтүндөй Алланын ыктыярында». Алар сага ачыкка чыгарбаган нерсени көңүлдөрүндө жашырышат. Алар айтышат: «Эгер өкүм кылышта кенедей укугубуз болгондо, биз бул жерде эч качан (ушундайча) өлтүрүлбөгөн болоор элек». Айт: «Эгер үйлөрүңөрдө калганыңарда дагы, силерден өлтүрүлүшү анык болгондор, албетте, өздөрүнүн (өлүп) кулап түшө турган жайларына чыгышмак». Алла силердин көкүрөгүңөрдөгү нерсени сыноодон өткөрүүсү жана жүрөгүңөрдөгү нерсени тазалоосу үчүн (ушундай болду). Алла көкүрөктөрдөгү нерселерди жакшы билет.