- اِنۡ یَّمۡسَسۡکُمۡ قَرۡحٌ فَقَدۡ مَسَّ الۡقَوۡمَ قَرۡحٌ مِّثۡلُہٗ ؕ وَ تِلۡکَ الۡاَیَّامُ نُدَاوِلُہَا بَیۡنَ النَّاسِ ۚ وَ لِیَعۡلَمَ اللّٰہُ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ یَتَّخِذَ مِنۡکُمۡ شُہَدَآءَ ؕ وَ اللّٰہُ لَا یُحِبُّ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۱۴۱﴾ۙ3 : 141 Эгер силер кандайдыр бир жаракат алган болсоңор, (силерге каршы болгон) коомго дагы кудум ушундай жаракат жеткен го! Алла ыйман келтиргендерди билип алыш үчүн жана араларыңардын айрымдарыңарды күбө катары тандаш үчүн Биз ушул күндөрдү адамдардын арасында алмаштырып турабыз. Алла заалимдерди жактырбайт.