- اِنَّمَا الۡمُؤۡمِنُوۡنَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا بِاللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ وَ اِذَا کَانُوۡا مَعَہٗ عَلٰۤی اَمۡرٍ جَامِعٍ لَّمۡ یَذۡہَبُوۡا حَتّٰی یَسۡتَاۡذِنُوۡہُ ؕ اِنَّ الَّذِیۡنَ یَسۡتَاۡذِنُوۡنَکَ اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ یُؤۡمِنُوۡنَ بِاللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ ۚ فَاِذَا اسۡتَاۡذَنُوۡکَ لِبَعۡضِ شَاۡنِہِمۡ فَاۡذَنۡ لِّمَنۡ شِئۡتَ مِنۡہُمۡ وَ اسۡتَغۡفِرۡ لَہُمُ اللّٰہَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۶۳﴾24 : 63 Аллага жана Анын Пайгамбарына ыйман келтире турган, ошондой эле кандайдыр бир маанилүү жалпы маселени (талкууга алуу үчүн) анын жанында чогулгандарында, андан уруксат алмайынча, кетпей тургандар гана нукура момундар. Албетте, сенден уруксат сурай тургандар – мына ошолор гана Аллага жана Анын Пайгамбарына ыйман келтире тургандар. Ошентип, алар өздөрүнүн айрым жумуштары үчүн сенден уруксат сурагандарында, алардын ичинен өзүӊ каалаганыӊа уруксат бер жана Алладан алар үчүн кечирим сурап тур. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.