- اَللّٰہُ نُوۡرُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ مَثَلُ نُوۡرِہٖ کَمِشۡکٰوۃٍ فِیۡہَا مِصۡبَاحٌ ؕ اَلۡمِصۡبَاحُ فِیۡ زُجَاجَۃٍ ؕ اَلزُّجَاجَۃُ کَاَنَّہَا کَوۡکَبٌ دُرِّیٌّ یُّوۡقَدُ مِنۡ شَجَرَۃٍ مُّبٰرَکَۃٍ زَیۡتُوۡنَۃٍ لَّا شَرۡقِیَّۃٍ وَّ لَا غَرۡبِیَّۃٍ ۙ یَّکَادُ زَیۡتُہَا یُضِیۡٓءُ وَ لَوۡ لَمۡ تَمۡسَسۡہُ نَارٌ ؕ نُوۡرٌ عَلٰی نُوۡرٍ ؕ یَہۡدِی اللّٰہُ لِنُوۡرِہٖ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ یَضۡرِبُ اللّٰہُ الۡاَمۡثَالَ لِلنَّاسِ ؕ وَ اللّٰہُ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌ ﴿ۙ۳۶﴾24 : 36 Алла асмандар жана жердин нуру; Анын нурунун мисалы бир чырак турган текчеге окшойт; ал чырак шишеден турган шамдалдын ичинде; ал шише жаркырап турган жарык жылдыздай; ал (чырак) Батышка да, Чыгышка да таандык болбогон зайтундун куттуу дарагынан жагылган; ал (дарак)тын майына от жалыны тийбесе дагы, ал өзүнөн-өзү жалбырттап жанып кетейин деп турат. Бул нур үстүнө нур. Алла Өзү каалаган пендени Өзүнүн нуруна багыттайт. Алла адамдар үчүн мисалдар келтирет. Алла баардык нерсени дайыма билүүчү.