- وَ لۡیَسۡتَعۡفِفِ الَّذِیۡنَ لَا یَجِدُوۡنَ نِکَاحًا حَتّٰی یُغۡنِیَہُمُ اللّٰہُ مِنۡ فَضۡلِہٖ ؕ وَ الَّذِیۡنَ یَبۡتَغُوۡنَ الۡکِتٰبَ مِمَّا مَلَکَتۡ اَیۡمَانُکُمۡ فَکَاتِبُوۡہُمۡ اِنۡ عَلِمۡتُمۡ فِیۡہِمۡ خَیۡرًا ٭ۖ وَّ اٰتُوۡہُمۡ مِّنۡ مَّالِ اللّٰہِ الَّذِیۡۤ اٰتٰٮکُمۡ ؕ وَ لَا تُکۡرِہُوۡا فَتَیٰتِکُمۡ عَلَی الۡبِغَآءِ اِنۡ اَرَدۡنَ تَحَصُّنًا لِّتَبۡتَغُوۡا عَرَضَ الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ؕ وَ مَنۡ یُّکۡرِہۡہُّنَّ فَاِنَّ اللّٰہَ مِنۡۢ بَعۡدِ اِکۡرَاہِہِنَّ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۳۴﴾24 : 34 Турмуш курууга мүмкүнчүлүк таба албай тургандар, Алла Өз берешендиги менен аларды байытканча, өздөрүн кармап турушсун. Өздөрүнүн азаттыгы үчүн силерге кун берип, жазуу келишим түзмөкчү болгон кулдарыӊарды – эгер аларда жөндөмдүүлүгүн сезсеӊер, жазма келишим менен азат кылгыла. Алла силерге тартуулаган байлыктан бир аз аларга дагы бергиле. Күӊдөрүӊөрдү эгер алар турмушка чыкмакчы болушса, дүйнөлүк жашоонун пайдаларын көздөп, (тоскон бойдон жашыруун) бузукулукка мажбур кылбагыла; кимдир бирөө аларды мажбурласа, анда Алла албетте, алардын мажбурланышынан соӊ өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.