- ثُمَّ اَرۡسَلۡنَا رُسُلَنَا تَتۡرَا ؕ کُلَّمَا جَآءَ اُمَّۃً رَّسُوۡلُہَا کَذَّبُوۡہُ فَاَتۡبَعۡنَا بَعۡضَہُمۡ بَعۡضًا وَّ جَعَلۡنٰہُمۡ اَحَادِیۡثَ ۚ فَبُعۡدًا لِّقَوۡمٍ لَّا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۴۵﴾23 : 45 Анан Биз пайгамбарларыбызды биринин артынан бирин жөнөттүк; ар качан кандайдыр бир коомго анын пайгамбары келгенде, алар аны жалганчыга чыгарышты; анан Биз алардын айрымдарын башка айрымдарынын аркасынан алып келдик. (Тактап айтканда жок кыла бердик). Ошентип, Биз аларды жомок-дастандарга айландырдык. Ошентип, ыйман келтирбей турган коомго каргыш болсун!