- وَ اِذِ اسۡتَسۡقٰی مُوۡسٰی لِقَوۡمِہٖ فَقُلۡنَا اضۡرِبۡ بِّعَصَاکَ الۡحَجَرَ ؕ فَانۡفَجَرَتۡ مِنۡہُ اثۡنَتَاعَشۡرَۃَ عَیۡنًا ؕ قَدۡ عَلِمَ کُلُّ اُنَاسٍ مَّشۡرَبَہُمۡ ؕ کُلُوۡا وَ اشۡرَبُوۡا مِنۡ رِّزۡقِ اللّٰہِ وَ لَا تَعۡثَوۡا فِی الۡاَرۡضِ مُفۡسِدِیۡنَ ﴿۶۱﴾2 : 61 (Эстегиле), Муса өз коому үчүн суу сураганда, Биз айттык: «Асаң менен аскага ургун!» Ошондо, андан он эки булак атылып чыкты, бардык адамдар өздөрүнүн суу иче турган жайын билип алышты. (Ошондо аларга айтылды): «Алланын ырыскысынан жеп-ичкиле жана баш аламандык кылып, жерде бүлүк салбагыла!»