- یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِذَا تَدَایَنۡتُمۡ بِدَیۡنٍ اِلٰۤی اَجَلٍ مُّسَمًّی فَاکۡتُبُوۡہُ ؕ وَ لۡیَکۡتُبۡ بَّیۡنَکُمۡ کَاتِبٌۢ بِالۡعَدۡلِ ۪ وَ لَا یَاۡبَ کَاتِبٌ اَنۡ یَّکۡتُبَ کَمَا عَلَّمَہُ اللّٰہُ فَلۡیَکۡتُبۡ ۚ وَ لۡیُمۡلِلِ الَّذِیۡ عَلَیۡہِ الۡحَقُّ وَ لۡیَتَّقِ اللّٰہَ رَبَّہٗ وَ لَا یَبۡخَسۡ مِنۡہُ شَیۡئًا ؕ فَاِنۡ کَانَ الَّذِیۡ عَلَیۡہِ الۡحَقُّ سَفِیۡہًا اَوۡ ضَعِیۡفًا اَوۡ لَا یَسۡتَطِیۡعُ اَنۡ یُّمِلَّ ہُوَ فَلۡیُمۡلِلۡ وَلِیُّہٗ بِالۡعَدۡلِ ؕ وَ اسۡتَشۡہِدُوۡا شَہِیۡدَیۡنِ مِنۡ رِّجَالِکُمۡ ۚ فَاِنۡ لَّمۡ یَکُوۡنَا رَجُلَیۡنِ فَرَجُلٌ وَّ امۡرَاَتٰنِ مِمَّنۡ تَرۡضَوۡنَ مِنَ الشُّہَدَآءِ اَنۡ تَضِلَّ اِحۡدٰٮہُمَا فَتُذَکِّرَ اِحۡدٰٮہُمَا الۡاُخۡرٰی ؕ وَ لَا یَاۡبَ الشُّہَدَآءُ اِذَا مَا دُعُوۡا ؕ وَ لَا تَسۡـَٔمُوۡۤا اَنۡ تَکۡتُبُوۡہُ صَغِیۡرًا اَوۡ کَبِیۡرًا اِلٰۤی اَجَلِہٖ ؕ ذٰلِکُمۡ اَقۡسَطُ عِنۡدَ اللّٰہِ وَ اَقۡوَمُ لِلشَّہَادَۃِ وَ اَدۡنٰۤی اَلَّا تَرۡتَابُوۡۤا اِلَّاۤ اَنۡ تَکُوۡنَ تِجَارَۃً حَاضِرَۃً تُدِیۡرُوۡنَہَا بَیۡنَکُمۡ فَلَیۡسَ عَلَیۡکُمۡ جُنَاحٌ اَلَّا تَکۡتُبُوۡہَا ؕ وَ اَشۡہِدُوۡۤا اِذَا تَبَایَعۡتُمۡ ۪ وَ لَا یُضَآرَّ کَاتِبٌ وَّ لَا شَہِیۡدٌ ۬ؕ وَ اِنۡ تَفۡعَلُوۡا فَاِنَّہٗ فُسُوۡقٌۢ بِکُمۡ ؕ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ ؕ وَ یُعَلِّمُکُمُ اللّٰہُ ؕ وَ اللّٰہُ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌ ﴿۲۸۳﴾2 : 283 Эй, ыйман келтиргендер! Бири-бириңерден белгилүү мөөнөткө чейин карыз алганыңарда же бергениңерде, аны жазып койгула жана силердин араңардагы катчы адилет менен (муну) жазып коюшу керек. Эч бир катчы жазып коюшунан баш тартпасын. Демек, Алла ага үйрөткөндөй, ал жазып койсун. Мойнунда (башканын) акысы болгон киши жаздырсын жана ал өзүнүн Раббиси болгон Алладан коркуп, андан эч нерсени кемитпесин. Эгер мойнунда (башканын) акысы болгон киши акылсыз болсо, же алсыз болсо, же жаздырууга күчү жетпесе, анда (анын ордунда) анын кепилчиси-өкүлү адилет менен жаздырышы керек. Өз эркектериңерден эки кишини күбө кылып алгыла. Эгер эки эркек табылбаса, анда күбөлөрдөн өзүңөргө ылайык келген бир эркек жана эки аялды күбө кылып алгыла: (бул) эгер ал эки аялдын биринин эсинен чыкса, экинчиси ага эстетип коюшу үчүн. Күбөлөр чакырылганда, баш тартышпасын. (Алыш-бериштин) чоң же кичинелигине карабай, анын белгиленген (төлөө) мөөнөтү менен жазып коюудан эринбегиле. Силердин бул амалыңар Алланын алдында адилеттүүрөөк жана күбөлүктү туруктуу кылуу үчүн ишенимдүүрөөк, ошондой эле шектенип калбашыңар үчүн ылайыктуураак болот. (Жазып коюу парыз). Бирок, кеп силер ошол эле убакытта колдон-колго өткөргөн соода туурасында болсо, ошондой абалда аны жазып койбосоңор дагы силерге күнөө болбойт. Бири-бириңер менен (узак мөөнөткө) алыш-бериш кылганыңарда, күбөлөрдү дайындагыла. Катчы дагы, күбө дагы (такыр) кысмакка алынбасын. Эгер ушундай кылсаңар, анда бул нерсе силер үчүн оор күнөө болот. Алладан корккула. Ал эми, Алланын Өзү силерге билим берет. Алла бардык нерсени эң жакшы билет.