2 : 260 • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
  • اَوۡ کَالَّذِیۡ مَرَّ عَلٰی قَرۡیَۃٍ وَّ ہِیَ خَاوِیَۃٌ عَلٰی عُرُوۡشِہَا ۚ قَالَ اَنّٰی یُحۡیٖ ہٰذِہِ اللّٰہُ بَعۡدَ مَوۡتِہَا ۚ فَاَمَاتَہُ اللّٰہُ مِائَۃَ عَامٍ ثُمَّ بَعَثَہٗ ؕ قَالَ کَمۡ لَبِثۡتَ ؕ قَالَ لَبِثۡتُ یَوۡمًا اَوۡ بَعۡضَ یَوۡمٍ ؕ قَالَ بَلۡ لَّبِثۡتَ مِائَۃَ عَامٍ فَانۡظُرۡ اِلٰی طَعَامِکَ وَ شَرَابِکَ لَمۡ یَتَسَنَّہۡ ۚ وَ انۡظُرۡ اِلٰی حِمَارِکَ وَ لِنَجۡعَلَکَ اٰیَۃً لِّلنَّاسِ وَ انۡظُرۡ اِلَی الۡعِظَامِ کَیۡفَ نُنۡشِزُہَا ثُمَّ نَکۡسُوۡہَا لَحۡمًا ؕ فَلَمَّا تَبَیَّنَ لَہٗ ۙ قَالَ اَعۡلَمُ اَنَّ اللّٰہَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۲۶۰﴾
    2 : 260 Же ошол тамдары урап, кыйрап калган бир кыштактын жанынан өткөн киши мисалы(на көңүл бурдуңбу?) Ал айтты: «Алла муну анын өлүмүнөн кийин кандай тирилтет?» Ошондо, Алла аны жүз жылдык өлүк (абалына) коюп койду. Кийин аны тургузуп сурады: «(Бул абалда) канча турдуң?» Ал айтты: «Бир күн же күндүн бир бөлүгүнчө турдум». (Ошондо, Алла) айтты: «Жок, андай эмес. Сен (бул абалда) жүз жыл турдуң. Демек, тамак-ашыңа жана ичимдигиңе назар сал, алар бузулган эмес. Жана эшегиңе дагы карагын. Биз сени адамдар үчүн бир аят-жышаан кылууга бул (көрүнүш)тү көрсөттүк. Жана сөөктөргө назар сал, Биз аларды кандайча жай-жайына коюп, анан эт менен каптайбыз. Ошентип, акыйкат ага аян болгон соң, ал айтты: «Алла каалаган ар бир нерсеге дайыма күчү жетүүчү экенин билип алдым».
Share via