- اَلَمۡ تَرَ اِلَی الَّذِیۡ حَآجَّ اِبۡرٰہٖمَ فِیۡ رَبِّہٖۤ اَنۡ اٰتٰٮہُ اللّٰہُ الۡمُلۡکَ ۘ اِذۡ قَالَ اِبۡرٰہٖمُ رَبِّیَ الَّذِیۡ یُحۡیٖ وَ یُمِیۡتُ ۙ قَالَ اَنَا اُحۡیٖ وَ اُمِیۡتُ ؕ قَالَ اِبۡرٰہٖمُ فَاِنَّ اللّٰہَ یَاۡتِیۡ بِالشَّمۡسِ مِنَ الۡمَشۡرِقِ فَاۡتِ بِہَا مِنَ الۡمَغۡرِبِ فَبُہِتَ الَّذِیۡ کَفَرَ ؕ وَ اللّٰہُ لَا یَہۡدِی الۡقَوۡمَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۲۵۹﴾ۚ2 : 259 Сен Ибраахийм менен анын Раббиси тууралуу талашкан бирөө жөнүндө ойлоп көрдүңбү? Себеби, Алла ага падышалык тартуулаган эле. Ибраахийм: «Менин Раббим тирилтет жана өлтүрөт», - дегенде, ал айтты: «Мен (дагы) тирилтемин жана өлтүрөмүн». Ибраахийм айтты: «Албетте, Алла күндү чыгыштан алып келет, сен аны батыштан алып келчи?» Ошондо, ал каапырлык кылган киши апкаарып калды. Алла заалим коомду хидаят кылбайт.