- تِلۡکَ الرُّسُلُ فَضَّلۡنَا بَعۡضَہُمۡ عَلٰی بَعۡضٍ ۘ مِنۡہُمۡ مَّنۡ کَلَّمَ اللّٰہُ وَ رَفَعَ بَعۡضَہُمۡ دَرَجٰتٍ ؕ وَ اٰتَیۡنَا عِیۡسَی ابۡنَ مَرۡیَمَ الۡبَیِّنٰتِ وَ اَیَّدۡنٰہُ بِرُوۡحِ الۡقُدُسِ ؕ وَ لَوۡ شَآءَ اللّٰہُ مَا اقۡتَتَلَ الَّذِیۡنَ مِنۡۢ بَعۡدِہِمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ مَا جَآءَتۡہُمُ الۡبَیِّنٰتُ وَ لٰکِنِ اخۡتَلَفُوۡا فَمِنۡہُمۡ مَّنۡ اٰمَنَ وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ کَفَرَ ؕ وَ لَوۡ شَآءَ اللّٰہُ مَا اقۡتَتَلُوۡا ۟ وَ لٰکِنَّ اللّٰہَ یَفۡعَلُ مَا یُرِیۡدُ ﴿۲۵۴﴾٪2 : 254 Мына ушул пайгамбарлардын айрымдарын (башка) айрымдарынан абзелирээк кылдык. Алардын арасында Алла менен (бетме-бет) сүйлөшкөндөр дагы бар. Ал алардын айрымдарын (башка айрымдарынан) даражалар боюнча жогору койду. Ошондой эле Биз Марям уулу Исага анык аят-жышаандар бердик жана аны Рухул-Кудус менен кубаттандырдык. Эгер Алла каалаганда, алардан кийин келген бирөөлөр өздөрүнө ачык-айкын аят-белгилер келгенден кийин, өз ара кандуу кыргын салбайт эле. Бирок алар (өз ара) талаш-тартыш чыгарышты. Демек, алардын арасында ыйман келтирген адамдар дагы, каапырлык кылган бирөөлөр дагы бар эле. Эгер Алла каалаганда, алар өз ара кандуу кыргын салбайт эле. Бирок, Алла Өзү каалаганын кылат.