- فَلَمَّا فَصَلَ طَالُوۡتُ بِالۡجُنُوۡدِ ۙ قَالَ اِنَّ اللّٰہَ مُبۡتَلِیۡکُمۡ بِنَہَرٍ ۚ فَمَنۡ شَرِبَ مِنۡہُ فَلَیۡسَ مِنِّیۡ ۚ وَ مَنۡ لَّمۡ یَطۡعَمۡہُ فَاِنَّہٗ مِنِّیۡۤ اِلَّا مَنِ اغۡتَرَفَ غُرۡفَۃًۢ بِیَدِہٖ ۚ فَشَرِبُوۡا مِنۡہُ اِلَّا قَلِیۡلًا مِّنۡہُمۡ ؕ فَلَمَّا جَاوَزَہٗ ہُوَ وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا مَعَہٗ ۙ قَالُوۡا لَا طَاقَۃَ لَنَا الۡیَوۡمَ بِجَالُوۡتَ وَ جُنُوۡدِہٖ ؕ قَالَ الَّذِیۡنَ یَظُنُّوۡنَ اَنَّہُمۡ مُّلٰقُوا اللّٰہِ ۙ کَمۡ مِّنۡ فِئَۃٍ قَلِیۡلَۃٍ غَلَبَتۡ فِئَۃً کَثِیۡرَۃًۢ بِاِذۡنِ اللّٰہِ ؕ وَ اللّٰہُ مَعَ الصّٰبِرِیۡنَ ﴿۲۵۰﴾2 : 250 Ошентип, качан Таалуут кошуун алып, жолго түшкөндө, айтты: «Албетте, Алла силерди бир дарыя аркылуу сынамакчы. Демек, ким андан ичсе, ал менден эмес, ким аны (канып) ичпесе, ал албетте, менден болот». Бир эки жолу бир аз суу ичкен киши ага кирбейт. Ошондо да, алардын аз гана бөлүгүнөн башка көпчүлүгү андан ичишти. Анан, ал жана аны менен бирге ыйман келтирген кишилер ал – (дарыядан) өткөндөн кийин, алар – (баш ийбегендер) айтышты: «Бүгүн Жаалуутка жана анын кошуунуна каршы күрөшүүгө күчүбүз жетпейт». (Ошондо) Алла менен бетме-бет болууларына ишенген кишилер айтышты: «Алланын буйругу менен канчалаган аз сандагы жамааттар ири сандагы жамааттардын үстүнөн жеңишке жетишкен. Алла сабыр кылуучулар менен бирге болот».