- وَ الَّذِیۡنَ یُتَوَفَّوۡنَ مِنۡکُمۡ وَ یَذَرُوۡنَ اَزۡوَاجًا ۚۖ وَّصِیَّۃً لِّاَزۡوَاجِہِمۡ مَّتَاعًا اِلَی الۡحَوۡلِ غَیۡرَ اِخۡرَاجٍ ۚ فَاِنۡ خَرَجۡنَ فَلَا جُنَاحَ عَلَیۡکُمۡ فِیۡ مَا فَعَلۡنَ فِیۡۤ اَنۡفُسِہِنَّ مِنۡ مَّعۡرُوۡفٍ ؕ وَ اللّٰہُ عَزِیۡزٌ حَکِیۡمٌ ﴿۲۴۱﴾2 : 241 Араларыңардан кимдер аялдарын артында калтырган бойдон каза болушса, алар аялдары туурасында: «Алар (өз үйлөрүндө) бир жылга чейин пайдалансын – (үйлөрүнөн) чыгарылбасын», - деп осуят кылуулары зарыл. Бирок, эгер алардын өздөрү чыгып кетишсе, анда алар өздөрү туурасында кандайдыр бир ыңгайлуу чечим чыгарышса, ал жөнүндө силерге эч кандай күнөө болбойт. Алла эң жеңүүчү (жана) даанышмандык ээси.