2 : 232 • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
  • وَ اِذَا طَلَّقۡتُمُ النِّسَآءَ فَبَلَغۡنَ اَجَلَہُنَّ فَاَمۡسِکُوۡہُنَّ بِمَعۡرُوۡفٍ اَوۡ سَرِّحُوۡہُنَّ بِمَعۡرُوۡفٍ ۪ وَ لَا تُمۡسِکُوۡہُنَّ ضِرَارًا لِّتَعۡتَدُوۡا ۚ وَ مَنۡ یَّفۡعَلۡ ذٰلِکَ فَقَدۡ ظَلَمَ نَفۡسَہٗ ؕ وَ لَا تَتَّخِذُوۡۤا اٰیٰتِ اللّٰہِ ہُزُوًا ۫ وَّ اذۡکُرُوۡا نِعۡمَتَ اللّٰہِ عَلَیۡکُمۡ وَ مَاۤ اَنۡزَلَ عَلَیۡکُمۡ مِّنَ الۡکِتٰبِ وَ الۡحِکۡمَۃِ یَعِظُکُمۡ بِہٖ ؕ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ وَ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌ ﴿۲۳۲﴾٪
    2 : 232 Качан силер аялдарды талак кылсаңар жана алар өздөрүнүн белгиленген мөөнөтүн бүтүрүп алышса, анда (кааласаңар) аларды эреже боюнча кармап калгыла, же (кааласаңар) аларга эреже боюнча жооп бергиле. Аларга адилетсиздик кылуу үчүн, зыян келтирүү максатында аларды кармап турбагыла. Ким ушундай кылса, ал албетте, өзүнө гана зулумдук кылды. Ошондой эле Алланын аяттарын мазактабагыла жана Алланын үстүңөргө жөнөткөн нээмат-кутун, ошондой эле Ал силерге түшүргөн Китеп жана даанышмандыкты эстегиле. Бул аркылуу Ал силерге насыйкат кылат. Алладан корккула жана Алла бардык нерсени эң жакшы билүүчү экенин билгиле.
Share via