2 : 222 • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
  • وَ لَا تَنۡکِحُوا الۡمُشۡرِکٰتِ حَتّٰی یُؤۡمِنَّ ؕ وَ لَاَمَۃٌ مُّؤۡمِنَۃٌ خَیۡرٌ مِّنۡ مُّشۡرِکَۃٍ وَّ لَوۡ اَعۡجَبَتۡکُمۡ ۚ وَ لَا تُنۡکِحُوا الۡمُشۡرِکِیۡنَ حَتّٰی یُؤۡمِنُوۡا ؕ وَ لَعَبۡدٌ مُّؤۡمِنٌ خَیۡرٌ مِّنۡ مُّشۡرِکٍ وَّ لَوۡ اَعۡجَبَکُمۡ ؕ اُولٰٓئِکَ یَدۡعُوۡنَ اِلَی النَّارِ ۚۖ وَ اللّٰہُ یَدۡعُوۡۤا اِلَی الۡجَنَّۃِ وَ الۡمَغۡفِرَۃِ بِاِذۡنِہٖ ۚ وَ یُبَیِّنُ اٰیٰتِہٖ لِلنَّاسِ لَعَلَّہُمۡ یَتَذَکَّرُوۡنَ ﴿۲۲۲﴾٪
    2 : 222 Мушрик аялдарга, алар ыйман келтирмейинче үйлөнбөгүлө. Албетте, бир мусулман күң бир (азат) мушрик аялдан көрө жакшыраак, мейли ал силерге канчалык жагып калган болсо да. Ошондой эле мушрик эркектерге, алар ыйман келтирмейинче (кыздарыңарды) аялдыкка бербегиле. Албетте, бир момун кул бир (азат) мушриктен көрө жакшыраак, мейли ал силерге канчалык жагып калган болсо да. Мына ушулар отко чакыруучулар. Алла болсо, Өз буйругу менен (силерди) бейишке жана кечиримдүүлүккө чакырууда. Ал Өз аят-белгилерин адамдарга – алар ибарат-үлгү алсын үчүн ачык-айкын баян кылат.
Share via