2 : 218 • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
  • یَسۡـَٔلُوۡنَکَ عَنِ الشَّہۡرِ الۡحَرَامِ قِتَالٍ فِیۡہِ ؕ قُلۡ قِتَالٌ فِیۡہِ کَبِیۡرٌ ؕ وَ صَدٌّ عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ کُفۡرٌۢ بِہٖ وَ الۡمَسۡجِدِ الۡحَرَامِ ٭ وَ اِخۡرَاجُ اَہۡلِہٖ مِنۡہُ اَکۡبَرُ عِنۡدَ اللّٰہِ ۚ وَ الۡفِتۡنَۃُ اَکۡبَرُ مِنَ الۡقَتۡلِ ؕ وَ لَا یَزَالُوۡنَ یُقَاتِلُوۡنَکُمۡ حَتّٰی یَرُدُّوۡکُمۡ عَنۡ دِیۡنِکُمۡ اِنِ اسۡتَطَاعُوۡا ؕ وَ مَنۡ یَّرۡتَدِدۡ مِنۡکُمۡ عَنۡ دِیۡنِہٖ فَیَمُتۡ وَ ہُوَ کَافِرٌ فَاُولٰٓئِکَ حَبِطَتۡ اَعۡمَالُہُمۡ فِی الدُّنۡیَا وَ الۡاٰخِرَۃِ ۚ وَ اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ النَّارِ ۚ ہُمۡ فِیۡہَا خٰلِدُوۡنَ ﴿۲۱۸﴾
    2 : 218 Алар сенден урматтуу ай – анда согушуу туурасында сурашат. (Аларга) айт: «Анда согушуу эң чоң күнөө». Ошондой эле Алла жолунан (адамдарды) тосуу, Аны четке кагуу, Хараам Мечитинен (адамдарды) тыюу, ошондой эле ал жерден анын чыныгы ээлерин кууп чыгаруу да Алланын алдында эң чоң (күнөө). Фитна өлтүрүүдөн дагы чоңураак (күнөө). Алар эгер колдорунан келсе, силерди диниңерден кайтармайынча, силер менен согушууну улантышат. Араларыңардан кимде-ким өз дининен кайтып, каапыр бойдон өлсө – мына ошолордун кылган амалдары бул дүйнөдө да, акыретте да бекерге кетти. Мына ошолор отто жашоочулар. Алар анда узак убакытка чейин калуучулар.
Share via