- یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا کُتِبَ عَلَیۡکُمُ الۡقِصَاصُ فِی الۡقَتۡلٰی ؕ اَلۡحُرُّ بِالۡحُرِّ وَ الۡعَبۡدُ بِالۡعَبۡدِ وَ الۡاُنۡثٰی بِالۡاُنۡثٰی ؕ فَمَنۡ عُفِیَ لَہٗ مِنۡ اَخِیۡہِ شَیۡءٌ فَاتِّبَاعٌۢ بِالۡمَعۡرُوۡفِ وَ اَدَآءٌ اِلَیۡہِ بِاِحۡسَانٍ ؕ ذٰلِکَ تَخۡفِیۡفٌ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ وَ رَحۡمَۃٌ ؕ فَمَنِ اعۡتَدٰی بَعۡدَ ذٰلِکَ فَلَہٗ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۱۷۹﴾2 : 179 Эй, ыйман келтиргендер! Силерге өлтүрүлгөн кишилердин өчүн алуу парыз кылынды: азат киши үчүн азат кишиден, кул үчүн кулдан жана аял үчүн аялдан (алуу парыз). Эгер кимдир бирөөнүн бир тууганы тарабынан бир аз кечирим кылынса, анда эрежеге амал кылып, жакшылык менен ага (кун) төлөшү керек. Бул Раббиңер тарабынан (силерге берилген) жеңилдик жана рахмат. Демек, ким ошондон кийин чектен ашса, ал үчүн оор азап бар.