- لَیۡسَ الۡبِرَّ اَنۡ تُوَلُّوۡا وُجُوۡہَکُمۡ قِبَلَ الۡمَشۡرِقِ وَ الۡمَغۡرِبِ وَ لٰکِنَّ الۡبِرَّ مَنۡ اٰمَنَ بِاللّٰہِ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ وَ الۡمَلٰٓئِکَۃِ وَ الۡکِتٰبِ وَ النَّبِیّٖنَ ۚ وَ اٰتَی الۡمَالَ عَلٰی حُبِّہٖ ذَوِی الۡقُرۡبٰی وَ الۡیَتٰمٰی وَ الۡمَسٰکِیۡنَ وَ ابۡنَ السَّبِیۡلِ ۙ وَ السَّآئِلِیۡنَ وَ فِی الرِّقَابِ ۚ وَ اَقَامَ الصَّلٰوۃَ وَ اٰتَی الزَّکٰوۃَ ۚ وَ الۡمُوۡفُوۡنَ بِعَہۡدِہِمۡ اِذَا عٰہَدُوۡا ۚ وَ الصّٰبِرِیۡنَ فِی الۡبَاۡسَآءِ وَ الضَّرَّآءِ وَ حِیۡنَ الۡبَاۡسِ ؕ اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ صَدَقُوۡا ؕ وَ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُتَّقُوۡنَ ﴿۱۷۸﴾2 : 178 Бир гана жүзүңөрдү Чыгышка же Батышка бурганыңар жакшылык эмес. Жок, Аллага, кыямат күнүнө, периштелерге, Китепке жана пайгамбарларга ыйман келтирген, ошондой эле Аны сүйгөндүгүнөн мал-мүлкүн тууган-уруктарына, жетимдерге, жардыларга, жолоочуларга, кайырчыларга жана туткундарды азат кылдырууга сарптаган жана намазды толук аткарган, зекетти берген бирөө жакшылык ээси. Убада бергенден кийин убадасын аткара тургандар жана кыйынчылыктар менен балээ-кырсыктуу учурда, ошондой эле уруш маалында дагы сабыр кыла тургандар (чыныгы жакшылык ээлери). Мына ушулар чынчыл болгондор жана ушулар нагыз такыбалар.