- اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ اَنۡعَمَ اللّٰہُ عَلَیۡہِمۡ مِّنَ النَّبِیّٖنَ مِنۡ ذُرِّیَّۃِ اٰدَمَ ٭ وَ مِمَّنۡ حَمَلۡنَا مَعَ نُوۡحٍ ۫ وَّ مِنۡ ذُرِّیَّۃِ اِبۡرٰہِیۡمَ وَ اِسۡرَآءِیۡلَ ۫ وَ مِمَّنۡ ہَدَیۡنَا وَ اجۡتَبَیۡنَا ؕ اِذَا تُتۡلٰی عَلَیۡہِمۡ اٰیٰتُ الرَّحۡمٰنِ خَرُّوۡا سُجَّدًا وَّ بُکِیًّا ﴿ٛ۵۹﴾19 : 59 Мына ушулар Адам тукумунан, Биз Нух менен бирге (кемеге) чыгаргандардан, Ибраахийм жана Исрааийл тукумдарынан, ошондой эле Биз хидаят кылган жана тандап алгандардан болгон, Алла тартуу кылган пайгамбарлар. Аларга Рахмаандын аяттары окулганда, алар сажда кылган жана ыйлаган бойдон жыгылаар эле.